19

Кыргызстандагы парламенттик шайлоодо ковид-19дун алдын алуу чаралары жакшы көрүлгөн

ТүркПА миссиясынын башчысы, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын депутаты Исмет Учма  Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо мыкты уюштурулганнын билдирди.

05 Ekim 2020 14:16

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо мыкты уюштурулган. Бул тууралуу ТүркПА миссиясынын башчысы, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын депутаты Исмет Учма  билдирди.

Анын айтымында, демократиянын деңгээли боюнча Кыргызстан эркиндик принциби калыптанып келе жаткан өлкөлөрдү артта калтырды.

"Биз Кыргызстандагы парламенттик шайлоо өттү деп эсептейбиз. Шайлоо учурунда коопсуздук жана социалдык аралык сакталды. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүлдү", - дейт ал.

Исмет Учма жарандар парламенттик шайлоону олуттуу кабыл алышкандыгын белгиледи. "Шайлоодо добушту саноодо автоматтык эсептөөчү урна болгонуна оң баа бердик", - деп кошумчалады Учма.

Кыргызстандагы шайлоого Түркиядан Исмет Учма менен катар Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын депутаты, Кыргыз-түрк достук тобунун төрагасы Сабри Өзтүрк, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын Ак партиядан шайланган депутаты Режеп Шекер, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын Улуттук Кыймыл партиясынын депутаты Яшар Карадаг жана Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын Республикалык элдик партиясынын депутаты Йүксел Өзкан байкоо жүргүздү. 

Жаңылыктар