Кыргызстандагы президенттик шайлоо жана референдум тынч өттү

Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын төрагасынын орун басары Режер Шекер: Кыргызстандагы президенттик шайлоо жана референдум эл аралык стандарттарга ылайык жана тынч өттү. 

11 Ocak 2021 17:13

Кыргызстандагы президенттик шайлоо жана референдум эл аралык стандарттарга ылайык жана тынч өттү. Бул тууралуу Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын төрагасынын орун басары Режер Шекер билдирди.

ТүркПА миссиясынын дагы бир өкүлү Яшар Карадаг 10-январда өткөрүлгөн президенттик шайлоо жана референдумдун ийгиликтүү өткөнүн баса белгиледи. «Кыргызстандыктар президенттик башкарууну жана жаңы президентти тандады. Кыргыз элине кут болсун»-, деди ал.

Белгилей кетсек, автоматтык эсептөө урналардын алдын ала маалыматы боюнча Садыр Жапаров 79,18% добуш менен Кыргызстандын 6-президенти болуп шайланды. Президенттик шайлоого 1 млн 417 миң 202 жаран катышкан.

Ал эми референдумга катышкан шайлоочулардын 80,98%ы президенттик башкаруу формасына добуш берди.

Жаңылыктар