Кыргызстандагы Өзгөн архитектуралык комплекси

Караханиддер дооруна таандык архитектуралык тарыхый эстелик– Өзгөн архитектуралык комплекси.

29 Mayıs 2021 10:44

Өзгөн архитектуралык комплекси 11-12-кылымдарга таандык. Ал бир мунарадан жана 3 күмбөздөн турат. Өзгөн шаарында, Кара-Дарыянын жайылмасынан бийигирээк тектирчеден орун алган.

Алгачкы бийиктиги 44 метрге жеткен мунара убакыттын өтүшү менен чөгүп, урап отуруп, азыркы бийиктиги 27,4 метрди түзөт.

Комплекстеги күмбөздөр өзүнчө сырдуу. Анын дубалдарынын кээ бир жерлеринде диний мазмундагы тексттер кездешет. Куполу чопо менен шыбалып, күн нуруна ылайыкташкан тешикчелер болгон. Ал тешикчелер ички кооздукту жакшыраак көрүүгө арналган. Күмбөздөр XI кылымга таандык карахандар доорундагы эң маанилүү архитектуралык имарат. 

Мунара жана күмбөздөр ошол кездеги колунан көөрү төгүлгөн усталардан эмгегинен жаралган. Бүгүнкү күндө миңдеген туристтердин көңүлүн буруп келет.

Anahtar Kelimeler: Өзгөн архитектуралык комплекси, Кыргызстан,

Жаңылыктар