Кыргызстанды Өзбекстан менен байланыштырган жер астынан өтүүчү жол табылды

Кыргызстанды Өзбекстан менен байланыштырган жер астынан өтүүчү узундугу 270 метр келген жол табылды.

23 Mayıs 2022 22:58

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан үстүбүздөгү жылдын 20-майында Кара-Суу районунун Тельман айылында жүргүзүлгөн “Тинтүү” ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстанды Өзбекстан менен жер асты аркылуу байланыштырган тоннель табылган.

​Маалым болгондой, бул жолдун тереңдиги 15 метр бийиктикте. Туннелге кире бериш жери 1,8 метр, туурасы 1,5 метрге жакын, кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, тоннелдин кире беришинен чыгуусуна чейинки аралык 270 метрди түзөт.

​Жер астынан өтүүчү жолдун ээси учурда Жалал-Абад облусуна караштуу Кызыл-Жар психиатриялык бөлүмүндө жатат.

​Учурда кылмышка тийешелүү заттарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар