Кыргызстандык инвесторлор Сакариядагы айыл чарба жана туризм долбоорлору менен танышты

Кыргызстандын Түркиядагы ардактуу консулу Юсуф Угур жана кыргызстандык инвесторлор Сакария шаардык мэриясынын айыл чарба жана туризм долбоорлору менен жеринде танышты.

16 Mayıs 2022 14:37

Сакариянын мэри Экрем Йүже Кыргызстандын Түркиядагы ардактуу консулу Юсуф Угур жана кыргызстандык инвесторлорго ишке ашырылып жаткан долбоорлорду көрсөттү. Алар Акязыда курулган Greenhouse Excellence Center менен танышты. Алар объектини карап чыгып, анын өндүрүш потенциалы жана эксплуатациясы тууралуу маалымат алышты.

Ошондой эле Карапүрчек Текетабандагы туризм борбору катары белгиленген аймакты кыдырып, Ботаникалык өрөөн долбоору менен танышты.

Шардын мэри Экрем Йүже, аймактын айыл чарба жана туризм потенциалы 3 жылда болуп көрбөгөндөй өнүгүп, көптөгөн долбоорлор ишке ашырылганын билдирди.

Жаңылыктар