Кыргызстандыктар «бараат кечесин» тосушту

Бишкек шаарындагы Абдулкарим Сатук Бугра Хан мечитинде «бараат кечесине» арналган иш-чара өттү.

28 Mart 2021 10:09

Кыргыз-түрк «Манас» университетинин кире беришинде орун алган Абдулкарим Сатук Бугра Хан мечитинде «бараат кечесинин» урматына иш-чара уюштурулду. Анда куран окулуп, диний кызматкер «бараат кечеси» туралуу айтып берди. Касиеттүү кечеге Бишкек шаарынын тургундары жана меймандары катышты. Келгендер бул түндү жакшы баалап, ибадат, дуба - зикир менен өткөрүштү.

Бараат кечеси касиеттүү үч айдын бири болуп эсептелеген Шаабан айынын 14үнөн 15ине оогон түн.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) мына ушул Бараат кечесинде Жаннатул Баки көрүстөнүнө чыгып, ал жерде жаткан туугандарын, сахабаларын зыярат кылып аларга салам айткан. Аалымдарыбыз ушул күндөрү улуу-улуу аалымдардын деги эле кабырстанды зыярат кылып, жүрөгүн тазалоосу саабит амалдардан болот деп айтышат. Бул амалды аалымдарыбыз мустахаб амалдардан деп айтышат.

Anahtar Kelimeler: бараат кечеси, ыйык түн, Кыргызстан,

Жаңылыктар