Кыргызстандын ажайып кооз жерлери: Чуңкурчак капчыгайы

Табигый кооздугу жана таза абасы менен таанымал Чункурчак капчыгайы туристтер үчүн жагымдуу жайлардын катарын толуктайт.

01 Nisan 2021 14:42

Чуңкурчак капчыгайы - Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, Аламүдүн жана Ала-Арча капчыгайларынын аралыгындагы кооз өрөөн. Узундугу 26 км. Аянты 97 км2. Деңиз деңгээлинен 2400м бийиктикте жайгашкан.

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарынан болгону 30 чакырым алыс жайгашкан.

Чуңкурчак капчыгайынан жайкысын да кышкысын да чет элдик жана жергиликтүү эс алуучулар үзүлбөйт. Алар өрөөнгө кышкысын лыжа тебүү үчүн келишсе жайкысын Кыргызстандын таза абасында эс алып, кымыз ичип, куурдак жеп кетишет.

Ошондой эле бул жер кырк метрлик Көгүчкөн шаркыратмасы менен да таанымал. Капчыгайда ушундай аталыштагы лыжа базасы, кымыз менен ден соолукту чыңдоо борборлору жана улуттук үлгүдө жасалгаланган эс алуучу жайлар иштейт. Бишкектиктер бул жакка пикникке же жөн гана таза аба жутууга келип турушат.

Чуңкурчакта  уникалдуу табигый, бийиктиги 17 сантиметрге чейин жеткен падышалык жоогазындарды коргоо жана аны колдонууну көзөмөлгө алуу максаты менен улуттук биологиялык парк ачылган.

Жээктеринде түрдүү бак-дарактар, камыш, жекен, өлөң чөп, өйдөрөөк жерлерде аюучачы, буйрашашыр, чайыр, арча жана башка өсүмдүктөр өсөт.

Жолдору велосипед тебүүгө жана башка тоо спортторуна ыңгайлуу.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Чуңкурчак капчыгайы,

Жаңылыктар