Кыргызстандын ажайып кооз жерлери: Конорчок каньону

Табигый кооздугу менен таанымал Конорчок каньону туристтер үчүн жагымдуу жайлардын катарын толуктайт.

01 Nisan 2021 15:00

Кыргызстандагы көз жоосун алып, унутулгус элес калтырган ажайып кооз жайлардын бири бул-Конорчок каньону.

Борбор калаа Бишкек шаарынан 120 чакырым ыраак Боом капчыгайынын ичинде жайгашкан. Кичи жана Чоң Коңорчок деп экиге бөлүнөт.

Бул жер өзүнө өзгөчө тартат: кум таштуу, чаташкан зоокалар арасында убакыт тыным алгандай.

Миңдеген жылдык эрозиянын натыйжасында пайда болгон каньондун  аты ошол аймакта өскөн "Конорчок" өсүмдүгүнөн аталып калган.

Кыргызстанда айрыкча айырмаланган табияттан сырткары бул жерде 3 миллион жаштагы өчкөн жанар тоону табасыз. Андан сырткары түрдүү жаныбарлардын элестерин кездештирүүгө болот.

Кышкысын суук, жайкысын ысык болгону менен жылдын төрт мезгилинде атайын турлар уюштурулуп турат.

Туристтер бул жакка пикникке же жөн гана таза аба жутууга келип турушат.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Конорчок каньону, Боом капчыгайы,

Жаңылыктар