Кыргызстандын ажайып кооз жерлери: Жети Өгүз капчыгайы

Байыркы уламыштарда баяндалган Жети-Өгүз капчыгайы туристтер үчүн жагымдуу жайлардын катарын толуктайт.

21 Mayıs 2021 16:35

Кыргызстан – таң каларлык тоолуу өлкө. Анын аймагында ар түркүн кооз жерлери толтура. Алардын бири байыркы уламыштарда баяндалган Жети-Өгүз капчыгайы.

Капчыгай деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктикте жайгашып, Каракол шаарынан батышка карай 28 чакырым алыстыкта орун алган. Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан эң кооз тоо капчыгайы.

Тизилип жаткан өгүздөрдү элестеткен, шамалга тотуккан, тизилген кызыл аскалардан улам ал “Жети-Өгүз” деген атка ээ болгон. Бул аскалар босогодон тосуп алып, капчыгайдын таанытма айырмасындай туюлат. Ал эми “Жарылган жүрөк” деп аталган кызыл аска – жергиликтүүлөр мактанган жай. Анын этегине келип эс алчулар арбын болот. Капчыгайда кооз тоолор, шаркыратмалар көп. Андан сырткары 2200 м бийиктикте Жети-Өгүз курорту жайгашкан. Ал өзүнүн дарылык касиети күчтүү геотермалдык булактары менен атагы чыккан.

Жети-Өгүз уламышы

Илгери-илгери бир жесир аял болгон экен. Анын Асан, Үсөн деген уулдары бар экен. Ошол аял жашаган айылда сансыз, түтөгөн малы бар, бирок өзү абдан ач көз, сараң бай болуптур. Жакырлыктын айынан байкуш аял эгиз балдарын ошол байга жалчыга берет. Асан менен Үсөн байдын торпокторун кайтарып, эптеп жан багышат.

Бир күнү алар торпокторду кайтарып жүрүшсө, күн бузулуп, туман түшөт. Борошолоп кар жаап, мал көрүнбөйт. Эптеп торпокторду айдап, кечке маал келишсе, жети торпогунун саны чыкпайт. Ары карап, бери карап, эртеси күнү кечке издешсе да жети торпоктун дайны жок.

Ач көз бай жини келип, Асан менен Үсөнгө:

- Торпокторду тапмайынча келбегиле! - деп буюрат.

Эки бала апасы менен коштошуп, торпокторду издегени кетишет. Күндөр өтөт, айлар өтөт, торпок эмес эки бала да дайынсыз жоголот.
Эне болсо кайгыга чөгүп, чачы куудай болот. Айласы кеткенде, күтүүдөн тажап, балдарын өзү издеп жөнөйт. Жер кезип, издебеген жери калбай балдарын чакырат.

Бир күнү дагы тоо-ташты аралап келе жатса, алдынан тоодой болгон жети өгүз чыгат. Эне баягы жоголгон жети торпок экенин таанып, мөгдөп ыйлайт. Торпоктор ээн талаада жүрүп, семирип, жапайы болуп кетишкен экен. Ошондо эне:

- Каргыш тийген өгүздөр! Силер үчүн эки уулумдан айрылдым! Жетөөң тең ташка айлангыла!!! - деп каргайт.

Ошол замат өгүздөр жети кызыл тоодой болгон ташка айланыптыр.
Азыр да ушул тоолордун арасынан «Асан!», «Үсөн!» деп бирин-бири издеп чакырган балдардын үну угулат дешет.

Anahtar Kelimeler: Жети-Өгүз капчыгайы, Кыргызстан, уламыш,

Жаңылыктар