Кыргызстандын ажайып кооз жерлери: Жети Өгүз жана Жомок капчыгайлары

Ысык-Көлдөгү Жети Өгүз жана Жомок капчыгайлары туристтер үчүн жагымдуу жайлар болуп саналат.

29 Mart 2021 13:52

Жети-Өгүз капчыгайы

Кыргызстан – таң каларлык тоолуу өлкө. Анын аймагында ар түркүн кооз жерлери толтура. Алардын бири байыркы уламыштарда баяндалган Жети-Өгүз капчыгайы.

Капчыгай деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктикте жайгашып, Каракол шаарынан батышка карай 28 чакырым алыстыкта орун алган. Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан эң кооз тоо капчыгайы.

Тизилип жаткан өгүздөрдү элестеткен, шамалга тотуккан, тизилген кызыл аскалардан улам ал “Жети-Өгүз” деген атка ээ болгон. Бул аскалар босогодон тосуп алып, капчыгайдын таанытма айырмасындай туюлат. Ал эми “Жарылган жүрөк” деп аталган кызыл аска – жергиликтүүлөр мактанган жай. Анын этегине келип эс алчулар арбын болот. Капчыгайда кооз тоолор, шаркыратмалар көп. Андан сырткары 2200 м бийиктикте Жети-Өгүз курорту жайгашкан. Ал өзүнүн дарылык касиети күчтүү геотермалдык булактары менен атагы чыккан.

Жомок капчыгайы

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Каракол шаарынан 100 чакырым алыс жерде жайгашкан. Ал жакта адам колунан жаралбаган укмуштуудай кооз, жомоктогудай шаарга туш болосуз.

Капчыгайдагы кээ бир көрүнүштөр белгилүү обьекттер менен окшошуп кетет жана ошого жараша атап коюшкан. Мисалга алсак бир тоо кыркасы «кытай дубалы» деп аталат. Анткени ал Улуу Кытай дубалына окшош. Андан сырткары ажыдаар, бегемот, жылан, уктап жаткан алп жаныбарга окшош статуяларды жана көптөгөн чептерди көрө аласыздар.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Жети-Өгүз капчыгайы, Жомок капчыгайы,

Жаңылыктар