Кыргызстандын бардык аймактарында айт намаздары окулду

Кыргызстандын бардык аймактарындагы мечиттерде жана борбордук аянттарда айт намаздары окулду

02 Mayıs 2022 11:57

Бүгүн, 2-майда Кыргызстанда мусулмандардын Орозо айт майрамы белгиленип жатат. Майрамдык айт намазы Бишкектеги Эски аянтта окулду. Ага болжол менен элүү миңдей киши чогулду.

Президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер да майрамдык жөрөлгөгө катышышты.

Орозо айтка байланыштуу Бишкектеги эски аянттын тегереги оңдолду. Асфальты жаңыланып, айланасы иреттелди.

Коомдук коопсуздукка милиция кызматкерлери көз салып турушту.

Бишкекте Айт намаз таңкы саат 07:30да башталды. 

Бишкек шаарынын Эски аянтында ыйык Орозо айтка байланыштуу айт намазга өлкө Президети Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов,  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган аткаминерлер катышты.

Жапаровдун куттуктоосу

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

"Биз бүгүн адамдын руханий дүйнөсүн тазарта турган кечиримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун, мээримдүүлүктүн мектеби болгон берекелүү Орозо айынан өтүп, аны жаркын маанай менен узатып турабыз.

Кыргызстаныбыздын жамы журту, өлкөбүздү мекен тутуп, байырлаган ар кыл этностордун өкүлдөрү “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, ынтымакта, биримдикте болуп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошо берели.

Орозо айтта Жараткан ар бир үйгө береке берсин, бакыт жана жарык маанай тартууласын. Өлкөбүзгө токчулук, өнүгүү, ийгилик алып келсин, элибизге биримдик берсин, ал эми дүйнөгө тынчтык жана ынтымак ыроолосун!",-деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Жаңылыктар