Кыргызстандын борбору Бишкек шаары бакчалары жана сейилбактары менен суктандырат

Кыргыз Ала тоосунун этегинде, Чүй өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндө, Аламүдүн жана Ала Арча сууларынын шилендиси пайда кылган жантайыңкы түздүктөн орун алган Бишкек шаары кооздугу менен суктандырат.

04 Mayıs 2021 23:09


Кыргызстандын борбору Бишкек архитектурасы, бакчалары жана сейилбактары менен суктандырган заманбап шаарлардын катарын толуктайт. Болжол менен 1 миллион калк жашаган  шаардын аймагында адамдар эң байыркы заманда эле отурукташкан.

Бишкектин бирден бир кооздугу болуп Ала-Тоо аянты саналат. Шаардын чок ортосунда жайгашкан Ала-Тоо аянтында жыл бою ар кандай фестивалдар, оюн-зоок программалары, концерттер өтүп турат.

Калаа конокторунун жана туристтеринин эс алуучу, сейилдөөчү эң башкы жана сүйүктүү жайы – бул Бишкектин борбору болуп саналат. Бул жерде музейлердин, галереялардын, дүкөндөрдүн, сейилбактардын, гүл бакчалардын, аянттардын, ресторандардын жана кафелердин көпчүлүгү орун алган.

Бишкектин борбордук бөлүгүндө Кыргызстандын тарыхына байланыштуу материалдар топтолгон Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейи орун алган. Ак мрамордон салынган Ак үйдүн имараты жайгашкан. Ал эми Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы Бишкек шаарындагы эң белгилүү архитектуралык жана музыкалык жайлардын катарын толуктайт.

Бишкек – Кыргызстандын улуттук маданиятынын борбору. Анда музыкалык жана драмалык театрлар, филармония, китепканалар, музейлер жайгашкан.

Шаар жылдын бардык мезгилинде эң сонун болуп турат.

Бишкек Кыргызстандын эл аралык туризм борбору болуу менен туристтерге көптөгөн ажайып жайларды тартуулай алат.

Шаар жашыл аянттарга, сейилбактарга жана парктарга бай. Панфилов паркы, Эркиндик бульвары, Жаш Гвардия бульвары, Ататүрк паркы жана Ботаникалык бакча алардын айрымдары гана.

Шаардын чекесинде Ала-Арча улуттук табият паркы, Чуңкурчак жайлоосу, Ысык-Ата курорту жайгашкан. Табигый кооздугу жана таза абасы менен таанымал бул аймактар туристтер үчүн жагымдуу жайлардын катарын толуктайт.

Бишкекте ири базарлар жайгашкан. Ош базар, Дордой, Орто-сай базары шаардагы башкы базарлар болуп саналат.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Бишкек,

Жаңылыктар