Кыргызстандын борбору Бишкек шарындагы Ак Үй имаратын курчаган тосмолор алынды

Жогорку Кеңештин административдик имаратын айланта курчаган тосмолор алынды.

07 Kasım 2020 23:53

Кыргызстандын борбору Бишкек шарындагы Ак Үй имаратын курчаган тосмолор алынды. Коргонду  Бишкек мэриясына караштуу   “Тазалык” кызматынын кызматкерлери техникалары менен келип кыркып, жыйнап кетишти.

Тосмолор алынган соң имараттын алдына келип сүрөткө түшкөндөр болду. 

Бишкек шаарынын тургуну Турдалы Доронов, тосмолордун алынышын тарыхый деп баалады. "Өмүрүмдө биринчи жолу Ак Үйгө келип, анын эшигин өз колум менен кармап көрдүм. Бул мен үчүн тарыхый окуя. Катардагы жарандар Ак Үйгө жакын бара алчу эмес. Абдан толкунданып турам"-, дейт Доронов.

Белгилей кетсек, 4-ноябрда депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланганда, бийлик менен элдин жакын болуусун камсыздоо, калк менен бийликтин ортосундагы ачык-айкындуулукту сактоо максатында Жогорку Кеңештин административдик имаратын айланта курчаган тосмону алып салууну сунуштаган. 

Ак Үй имараты 1984-жылы салынган. 7 кабаттан турган имаратты курчап турган темир тосмо 1990-жылдары тургузулган. 

 

Жаңылыктар