Кыргызстандын эгемендик тарыхында биринчи жолу темир жолдун курулушу башталды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берди.

31 Mart 2022 18:35

Кыргызстандын эгемендик тарыхында биринчи жолу темир жолдун курулушу башталды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берди. 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Балыкчы-Кочкор жолунун курулушу жаңы темир жол түйүнүнүн пайдубалын түзүп, өлкөнүн келечеги үчүн зор мааниге ээ болорун белгиледи.

“Кыргыз темир жолу” УК” МИ учурда “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” (186 км) темир жолунун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы - узундугу 63 км түзгөн “Балыкчы-Кочкор” темир жолунун участогун куруу пландалууда.

Учурда темир жол линиясынын 500 метри төшөлдү. Жылдын аягына чейин 5 чакырымга чейин темир жолду төшөө күтүлүүдө. Жолдун 5 км үстүнкү конструкциясын төшөө үчүн бардык керектүү материалдар бар.

2030-жылга темир жолду толук бүткөрүп, ишке киргизүү күтүлүүдө. Долбоор учурда кошумча инвестиция тартылбастан, өз каражаттардын эсебинен ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ТЭЦти көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүүдө көмүрдү ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.

Жаңы темир жолдун курулушу өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү, экономиканы көтөрүү, аймактарды транспорттук байланыш менен камсыздоо жана жалпы өлкөнүн бүтүндүгүн чыңдоо сыяктуу бир катар маселелерди да чечет.

Балыкчы-Кочкор-Кара Кече темир жол линиясын келечекте өлкөнүн түштүгүндөгү Жалал-Абад шаары менен байланыштыруу максатталууда. 

Anahtar Kelimeler: Балыкчы-Кочкор темир жолу,

Жаңылыктар