Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов аскердик-техникалык колдоо көрсөткөнү үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди

Кыргызстандын коргоо министри, генерал Бактыбек Бекболотов Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садик Доганды кабыл алды.

24 Şubat 2022 15:41

Кыргызстандын коргоо министри, генерал Бактыбек Бекболотов Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү жаатында пикир алмашуу болду.

Бекболотов Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамиле орток тарыхка жана маданиятка негизделерин баса белгилеп,  достук жана бир туугандык байланышка көңүл бурду.

"Түркия Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.  Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө аскердик жана техникалык колдоо көрсөткөнү үчүн Түркияга ыраазычылык билдирем»,-деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында Бекболотов Түркиянын элчисине атайын белек тапшырды.

Anahtar Kelimeler: Түркия, Кыргызстан,

Жаңылыктар