Кыргызстандын Министрлер кабинети эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жарандарды коронавирустун жаңы толкунунуа каршы жоопкерчиликке чакырды.

24 Haziran 2021 18:29

 

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Министрлер кабинети кезексиз жыйынга чогулду.

Улукбек Марипов өткөргөн өкмөттүн жумушчу кеңешмесинде эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, вакцинациялоо, азык-түлүк жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери, аларды чечүү жолдору талкууланды.

Марипов коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды жеткирүү жана эмдөө темпин тездетүү боюнча иш алып баруу керектигин белгиледи.

«COVID-19 илдети менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин күчөтүү зарыл»,- деди ал.

Ал ошондой эле өлкө аймагына кошумча чектөө чаралары киргизилбээрин белгилеп, ар бир жаранды өз алдынча жоопкерчиликке чакырды.

Кыргызстанда 24-июнга карата коронавирус дагы 822 адамдан аныкталды.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 604 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 626 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 664 бейтаптын абалы орто оордукта, 801 адамдын абалы оор жана 100 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 118 миң 106 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 106 миң 858 киши айыгып чыкса, 1 миң 958 адам каза болду.

 

 

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, COVID-19,

Жаңылыктар