53

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 53 жашка чыкты

Бүгүн, 6-декабрь, өлкө башчы Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 53 жашка чыкты. 

06 Aralık 2021 18:43

Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында 1968-жылдын 6-декабрында туулган.

Анын атасы Нуркожо Мусталый уулу 1932-жылы Кытайга качып, ал жерде 30 жылдай жашап, кийин өз мекенине кайтып келген.

Садыр Жапаровдун билими жогорку. 1991-жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жана спорт институтун аяктаган.  2006-жылы Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин аяктап, «юрист» адистигине ээ болгон.

Садыр Жапаров чоң саясатка 2005-жылы “Жоогазын” революциясынан кийин аралашкан. 2005-жылы март айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын депутаты болуп өзү туулуп-өскөн Түп районунан шайлаган.

2007-жылы Ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

2008-2010-жылдары Коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук агенттикте комиссар болуп эмгектенет. 

2010-жылдын күзүндө парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясынан депутат болуп шайланып, соттук-укуктук реформалар боюнча комитет төрагалыгына бекитилет.

2012-жылы депутат катары Ысык-Көлдөгү көйгөйлөрдү жана жалпы эле кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн “Кумтөр” алтын кениндеги коррупциялык схемалардын айыбын ачуу менен катар экологиялык көйгөйлөрдү, компанияны улутташтыруу демилгесин парламентте байма-бай көтөрүп чыгат. Ушул кадамдары менен Садыр Жапаров коомдук ишмер катары калың элге кеңири таанылат.

2012-жылдын күз айында өткөн митинг үчүн Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 295-статьясы («бийликти күч менен басып алууга аракеттер көрүлгөн») боюнча айыпталышып, иш козголгон соң бир жыл жана алты айга эркинен ажырайт.

Садыр Жапаров төрт жыл бою чет мамлекетте жашап, 2017-жылы Кыргызстанга кайтып келгенде кайрадан эркинен ажыратылган.

Абакта жатканда атасы, энеси жана уулунан ажыраган.

2020-жылдагы октябрь айындагы окуялардан кийин көптөгөн элдин колдоосу менен Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №1чи колониядан бошотулуп, өлкөнүн премьер-министри болуп дайындалат.

2021-жылдын 10-январында өткөн президентик шайлоодо Садыр Жапаров добуштардын 79,2 пайызын алып, Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган.

Кыргызстанда «элдин адамы» катары таанымал Садыр Жапаров, 2021-жылдын май айында ТРТ Аваз каналына маек берген.

Ал эми өткөн жумада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун “Саясатта 10 жыл” китеби түрк тилине которулду. Учурда китеп Түркиянын китеп дүкөндөрүндө сатылууда.

 

 

Anahtar Kelimeler: Садыр Жапаров,

Жаңылыктар