Кыргызстандын түндүгүндөгү сырдуу мунара: Бурана

Бурана мунарасы  — кыргыз элинин маданий мурасынын эстелиги жана  Кыргызстандын археолого-архитектуралык музейинин бир бөлүгү, мунара Бурана шаарынын калдыгы жана Орто Азиядагы байыркы курулуштардын бири болуп саналат.

28 Mayıs 2022 22:20

Бурана- Караханийлер дооруна таандык тарыхый-архитектуралык эстелик. Мунара Кегети капчыгайына бара жаткан жолдо, Чу дарыясынын сол жээгинде Токмок шаарынын түштүк батышында 12 км алыстыкта жайгашкан. 

Тарыхый булактарга караганда Бурана мунарасы Караханиддер мамлекетинин борбору Баласагунда аймактагы түрктөргө ислам тарала баштаган мезгилде Х кылымдын аягы–ХI кылымдын башында курулган.

Бурана мунарасы – Кыргызстандагы маданий мурастардын катарын толуктайт

Бурана мунарасы Баласагун шаарынын борбордук бөлүгүндөгү мечиттин жанына курулган. Мунара азан чакырып, намазга чогултуу милдети  менен катар күзөт мунарасы катары да кызмат өтөгөн.

Мунаранын эң алгачкы бийиктиги 45-46 метр болгон. Бирок үстү жагы жер титирөөдөн улам кыйрап калган. Мунаранын бийиктиги азыркы күндө 21,7 метрге жетет. 

Бышкан кыш менен төрт бурчтуу пайдубалга сегиз кырдуу түптөлүп, цилиндр түрүндө тургузулган мунара чептин ичинде жайгашып, сырткы бети оймо-чийме менен кооздолгон, ичинде жогору карай буралып чыгуучу тепкичтер орнотулган. Түбүнүн диаметри 9 м, төбөсүнүкү 6 мге жакын.

Бурана Борбордук Азиядагы мунара архитектуралык эстеликтеринин эң байыркысы.

Бурана мунарасы мамлекет тарабынан коргоого алынып,  ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген 

Баласагын шаарында 4 зыяраткана, мончо, турак үйлөр жана суу түтүктөрү болгондугу археологиялык казууларда тастыкталган. Бул табылгалар учурда Бурана археология – архитектуралык музейи комплексинде сакталуу.

Ачык асман алдындагы Бурана археология – архитектуралык музей комплексиндеги археологиялык казуу учурунда табылган экспонаттардын дээрлик көпчүлүгү ташка чегилип жазылгандар. Алар – VI-Х кылымдардагы уз-чеберлердин ойлоп табууларына, таланттарына таандык. Бирок, алар шаардын тарыхына эч байланышпайт, таптакыр башка доорго, байыркы Тянь-Шандын этносторуна, маданиятына таандык.

Бурана бүгүнкү күндө туристер көп барган тарыхый аймактардын бири.

XI кылымда Баласагын шаарында байыркы түрк жазма эстеликтеринин бири «Кутадгу билигдин» автору, акын, илимпоз, ойчул Жусуп Баласагуни туулуп-өскөндүгү белгилүү. 

 

Жаңылыктар