Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болуп дайындалды

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү — Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун башкы катчысы болуп дайындалды.

11 Kasım 2022 11:55

Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) 9-саммити өтүп жатат. 

Ага уюмдун мүчөлөрү - Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери, байкоочу макамындагы Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов катышып жатат.

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү — Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун башкы катчысы болуп дайындалды.

Тийиштүү чечим бүгүн Самарканд шаарында өтүп жаткан Уюмдун Саммитинин жүрүшүндө кабыл алынды.

Ал кызматын 14-ноябрь 2022-жылы Багдад Амреевден өткөрүп алат.

Кубанычбек Өмүралиев буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси жана Анкара шаарындагы резиденциясы менен бир эле убакта Кыргызстандын Израилдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматын ээлеген.

Сыйлыктары

• ТҮРКСОЙдун (Эл аралык түрк маданияты уюму) «Чынгыз Айтматов» медалы (2020 ж.)

• «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 75 жыл» медалы (2019 ж.)

• «Эл аралык Ч.Айтматов Клубунун» атайын төш белгиси (2018 ж.)

• КМШ мамлекеттеринин грамотасы (2017 ж.)

• «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 70 жыл» медалы (2014 ж.)

• Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин «Мекенчил» медалы (2009 ж.).

• Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин Ардак грамотасы (2008 ж.)

• Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2006 ж.)

• Хьюстон шаарынын ардактуу жараны, АКШ (2003 ж.)

Жаңылыктар