“Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана чечүү жолдору” улуттук форуму болуп өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү ГЭСтин потенциалынын 10% гана пайдаланылып жатканын белгиледи.

10 Şubat 2022 17:44

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте  өткөн "Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана чечүү жолдору” улуттук форумунун  катышты.  Ал форумда сүйлөгөн сөзүндө 2-3 жыл аралыгында жүздөгөн кичи ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын ишке берүү зарылдыгын белгилеп, Кыргызстанда чакан электр станцияларын курам деген ишкерлерге бир топ жеңилдик каралганын билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө энергетиканын туруктуу өнүктүрүүдө көйгөйлөргө туш болду.

“Стратегиялык объектилерде – Камбар-Ата жана Жогорку Нарын ГЭСтерин куруунун активдүү фазасын баштоо менен бирге энергиянын кайра жаралуучу булактарына артыкчылык берүү керек. Бизде энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жогорку потенциалы бар, алардын негизги түрлөрү гидроэнергетика, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык суу энергиясы”, - деди ал.

Жапаров өлкөдөгү ГЭСтин потенциалынын 10% гана пайдаланылып жатканын белгиледи.

"Энергетика министрлиги тарабынан республиканын аймагында 48 электр энергия чыгаруучу объектилерин курууга сертификаттар берилди. Алардын жалпы кубаттуулугу 300 мегаваттка жакын электр энергиясын түзөт",-деп билдирди Жапаров.

Форумдун ишине Түркиянын Энергетика өнөр жайчылар жана ишкерлер ассоциациясынын президенти Алпер Калайжы видеоконференция форматында катышты. Ал энергиянын кайра жаралуучу булактары жана энергиянын натыйжалуулугун арттыруу  жаатындагы жабдуулар жана технологиялардын трансфери тууралуу баяндама жасады.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, энергетика,

Жаңылыктар