Кыргызстандын тынчтык орнотуучу күчтөрү Алматыга келди

Кыргызстандык 150 жоокер, 8 зооттолгон техника жана 11 аскердик автоунаа Казакстанга барды.

07 Ocak 2022 21:45

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын аскердик контингентин Казакстан Республикасынын аймагына тынчтыкты сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын аскердик контингенти Казакстан Республикасынын аймагына кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу максатында убактысы чектелген мезгилге тынчтык сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү токтом кылынат.

ЖККУнун алкагында Кыргызстандын тынчтык орнотуучу аскердик контингенти Казакстанга барды.

Маалыматка ылайык, 150 жоокер, 8 зооттолгон техника жана 11 аскердик автоунаа "Кант" аскер базасынан Казакстанга жөнөп кеткен.

Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине коркунучтарга байланыштуу кайрылуусунун негизинде Казакстан Республикасына тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Казакстан Республикасынын аймагында кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу максатында тынчтыкты орнотуу иш-чараларына катышуу үчүн жамааттык күчтөрдүн курамында Кыргыз Республикасынын аскер контингентин жиберүүгө уруксат берди.

Anahtar Kelimeler: Казакстан, Кыргызстан,

Жаңылыктар