covid-19-150

Кыргызстанга COVID-19га каршы 150 миң доза кытай вакцинасы келди

Кытай Кыргызстанга акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза «SinoPfarm» вакцинасын берди.

21 Mart 2021 10:23

Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасына акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза «SinoPfarm» вакцинасын берди. Гуманитардык жардамды кабыл алуу аземине Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов катышты.

«COVID-19 пандемиясы көрсөткөндөй, бир дагы өлкө вируска каршы өз алдынча күрөшө албайт. Кыргыз Республикасы коронавирус инфекциясына каршы жеке күч-аракети, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн көмөгүнө таянуу аркылуу күрөшүүдө. Кытай мамлекети өз жериндеги жөнөкөй эмес эпидемиологиялык абалга карабастан, кыргыз элине олуттуу гуманитардык көмөк көрсөтүүсүн улантууда», - деди Улукбек Марипов жана Кытай Эл Республикасы вируска каршы вакцинаны иштеп чыгууда саналуу өлкөлөрдүн арасында маанилүү ийгиликтерге жетише алгандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Ду Дэвэнь гуманитардык көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Вакциналар кыргыз тарапка эпидемияга каршы күрөшүүдө жана кыргыз элинин ден-соолугун жана өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоого жардам берет деп ишенемин», - деди элчи.

Кыргызстанда эмдөө иштери апрель айында башталаары күтүлүүдө. Алгач саламаттык кызматкерлери, мугалимдер, чек арачылар жана өнөкөт оорусу барлар эмделээри маалымдалды.

Саламаттык сактоо министрлигинин эсеби боюнча пандемия маалында оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1488 кишиге жетти.


 

Anahtar Kelimeler: COVID-19, Кытай, Кыргызстан, «SinoPfarm» вакцинасы,

Жаңылыктар