Кыргызстанга Түркиядан «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараты келди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматына «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттары тапшырылды.

18 Aralık 2021 22:30

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын куралдануусуна берилген «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарды көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчыга бул аппараттарды башкаруу системасы тууралуу айтып, алардын ишин көрсөтүштү.

Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынды жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат.

Anahtar Kelimeler: «Байрактар»,

Жаңылыктар