ii

Кырым ханы II. Гази Герай Хан

Улуу кол башчы, көрүнүктүү композитор, акын, окумуштуу жана каллиграф II. Гази Герай Хан XVI кылымда жашап өткөн.

13 Mayıs 2021 23:33

Мамлекеттик ишмер, акын, композитор, каллиграф, математик жана биолог II. Гази Герай 1554-жылы жарык дүйнөгө келген. Атасы Кырым ханы Девлет Герай.

II. Гази Герай Хан медреседен билим алган. Баатырдыгынан улам «Бора» деген атка конгон.

1578-81-жылдары  Түрк-Иран согушуна Кырым армиясынын командири катары катышып, Осмон дөөлөтүнүн асер кол башчысы Өздемироглу Осмон Пашага колдоо көрсөткөн.

Кийинчерээк Осмон падышасынын буйругу менен Орусия, Венгрия жана Австрияга аскердик жоортуул жасап, ийгиликтерди багындырган. Анын эрдигин Осмон падышасы III. Мурат жогору баалаган.

1580-жылы Иранга туткунга түшкөн. Осмон дөөлөтүнө каршы Иранды колдоодон баш тартып, натыйжада Аламут чебине камалган. 1585-жылы ал жерден качып чыгып, Эрзурумдагы Осман Пашанын жанына келип, аны менен кошо кайрадан согуштарга катышкан. 1588-жылы Кырым хандыгынын тактысына отуруп, көзү өткөнгө чейин мамлекетти башкарган.

1608-жылы чума оорусунан каза болгон. Сөөгү Бахчисарай шаарындагы Хан Сарай мечитинин көрүстөнүнө коюлган.

II. Гази Герай Хан акындык өнөрдү туу туткан. «Газаи» жана «Хан гази» деген каймана аттарды колдонуп, түрк, араб жана перс тилинде көрүнүктүү чыгармаларын жараткан. Диван поэзиясына жаңы темаларды алып келип, эрдик жана тайманбастык темаларын ийгиликтүү чечмелеп берген.

Андан сырткары обон жаратуу менен алектенип, өз доорундагы музыка чөйрөсүндө «татар» деген каймана ат менен белгилүү болгон. Музыкалык аспаптарда кол ойнотуп, уникалдуу обондорду жараткан. Учурда ал жараткан обондор Крымда гана эмес, Түркия, Румыния, Литва жана Польша сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө аткарылып келет.

II. Гази Герай Хан чыгармачылыктан сырткары математика жана биология илимдери менен алектенген.

Anahtar Kelimeler: II. Гази Герай Хан, Улуу кол башчы, көрүнүктүү композитор, акын, окумуштуу, Кырым ханы,

Жаңылыктар