Кыш мезгилинде өзгөчө көрккө бөлөнгөн Гөлязы меймандарды күтөт

Европадагы эң кооз шаарлардын бири деп табылган Гөлязы кар жаагандан кийин ажайып кооздукка бөлөндү

29 Ocak 2022 12:55

Гөлязы көлү Түркиянын Бурса облусундагы Улуабат көлүнүн жээгинде жайгашкан.

Маданият жана туризм министрлиги жана Бурсанын Нилүфер муниципалитети биргелеше жүргүзүп жаткан казуу иштеринде табылган табылгалардын натыйжасында, Гөлязыга адамдар, 2600 жыл мурда эле отурукташа баштаганы аныкталган.

Аймак, жаратылышынын кооздугу менен суктандырып, жылдын ар мезгилинде өзгөчө кооздукка бөлөнөт.

Европадагы эң кооз 30 шаардын бири

Жапон туристтик агенттик ассоциациясы (JATA) шаарчаны «Европадагы эң кооз 30 шаардын» тизмесине киргизген. Шаарча жарым аралдын үстүнө курулган. Көл суусу көтөрүлгөндө Венецияны элестеткендиктен "Кичинекей Венеция" деп да аталып жүрөт.

Гөлязыга келген меймандар кайык менен көлдө сейилдей алышат.

Кар калың жаап, шаар ичи өзгөчө көрккө бөлөндү

Гөлязы тарыхы жана жайгашкан жери менен дүйнөдө сейрек кездешүүчү жерлердин бири. Шаарча кардын жаашы менен ажайып кооздукка бөлөндү. Сыртта айлана аппак шейшепке оронуп, талаа сүттөй ак. Шаар мемиреп тынч уктап жаткансыйт. Бак-дарактар ак бубак мончок тагынып, быйылкы кыш жомоктогудай кооз.

Anahtar Kelimeler: Гөлязы, Түркия,

Жаңылыктар