Кыз куумай оюну - кыргыз элинин эң байыркы кызыктуу оюндарынын бири

Кыз куумай ат үстүндө ойнолгон кыргыз элинин улуттук оюну

15 Nisan 2022 11:37

Кыз куумай оюну кыргыз элинин эң байыркы кызыктуу оюндарынын бири. Кыргыз эли бул оюнду көбүнчө күйөө кызга күйөөлөп жүргөндө, аш-тойдо, майрамдарда ойноп, калың элге тамаша курушкан. Кыз тандаган атын минип, андан артканы гана жигитке тийген. Жигит кызга жетсе ага үйлөнгөн, жетпей калса кыз атынын башын буруп камчы менен жигитти кайра кубалап сабаган. Кыз куумай азыр да элдик тойлордо, майрамдарда кеңири ойнолууда.

Оюндун куралдары жана шарттары

Оюн түз жерде, ат майданда ойнолот. Кыз куумайга 15-17 же андан жогорку жаштагы курбалдаш кыз-жигит улуттук кийимчен катышат. Оюнга минилчү аттар алдын ала суутулуп, үртүктөлөт. Ат чабууну аштоочу жер, мара белгиленет. Кыздын минген аты жигиттин минген атына караганда күлүгүрөөк болот. Тагыраак айтканда атты кыз өзү тандайт.

Калыс кыз-жигитти аттарына мингизип, ат чабууну баштоочу жерге алып келет. Кыз жигиттен 20-25 метрдей алдыда турат. Калыс баштоого ышкырык менен белги берет. Кыз качат. Жигит кызды кууп жөнөйт. Жигит кызга жетсе аны жандай чаап, кыздын бетинен аяр сүйүп коёт. Эгер марага чейин кыз жигитке жеткирбесе, кыз кайрылып туруп жигитти камчы менен сабайт. Оюнда жеңгендерге белгиленген байге ыйгарылат.

Anahtar Kelimeler: кыз куумай, кыргыз,

Жаңылыктар