Лавров: Сүйлөшүүлөрдүн жөн гана өтүшүн каалабайбыз

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Анталияда өткөн Орусия-Түркия-Украинанын тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин билдирүү жасады.

10 Mart 2022 14:44

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Анталияда өткөн Орусия-Түркия-Украина үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Лавров төмөнкүлөргө токтолду:

Украин кризисинин түбүндө жаткан көйгөйлөрдү чечүү аракетин колдойбуз. Сүйлөшүүлөр жөн гана эмес чыныгы маанайда өтүшүн, көйгөйдү чындап жөнгө салууга багытталышын каалайбыз. Жолугушуунун жыйынтыгында көйгөйдү сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу-башка эч бир нерсе менен алмаштырылгыс экенин аңдадык. Түркиялык досторубуздун демилгеси менен гуманитардык маселелерди талкууладык. Карапайым калк жабыркабашы үчүн кандай чараларды көрүшүбүз керектигин сүйлөштүк. Анткени катардагы жарандар "калкан" катары колдонулууда. 

Орусия тараптын гуманитардык коридор ачуу сунушун дагы бир ирээт ортого салдык. Күн сайын гуманитардык коридорлорду ачып туруу сунушубуз дагы деле сакталып турганын тастыктадык. Маршруттарды кырдаалды көзөмөлдөгөн  тарап аныктоодо. Биз эң коопсуз жолдорду тандап алуудабыз.

Украина кризиси бардык тараптардын жана Евробиримдиктин көз карашын эске алуу менен чечилиши керек деп эсептейбиз.

Биз үчүн маанилүү нерсени НАТО кантип чече алат? Украинанын коопсуздугунун корголушуна каршы эмеспиз. Өзүбүздү актоого аракет кылбайбыз.

Биз өз максатыбызды ачык айттык, биз Украинанын куралданышын каалабайбыз.Украинада жаңы нацисттик өкмөттүн түзүлүшүнө каршыбыз. Украинанын бейтарап өлкө болушун каалайбыз.

В. Путин эч качан сүйлөшүүдөн качпайт. Бирок бул сүйлөшүүлөр жөн гана өтүшүн каалабайбыз. Бул жаатта Кулеба менен сүйлөштүк.

Орусия Тышкы иштер министрлиги аркылуу реалдуу маалыматтарга таянып, элчилерге дайыма көрсөтмөлөрдү берип турат. АКШ болсо бир тараптуу мыйзамсыз санкцияларды салып, ага баш ийүүбүздү каалоодо.

Украинага байланыштуу чечим кабыл алууда Орусиянын да пикири эске алынышы керек деп эсептейбиз. Украинанын көз карандысыз өлкө болушун каалайбыз. Жаңы нацисттик өкмөт Украинага коркунуч туудурушун каалабайбыз. Кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүү негизги максатыбыз.

"Пентагон Украинанын аймагында ондогон аскердик биологиялык лабораторияларды түздү" деген маалымат бизди тынчсыздандырууда. Бул суроолорго жооп алгыбыз келет.

Санкция маселесин эч качан батыштыктарга көз каранды болбой тургандай чечебиз.

Көйгөйдү жөнгө салуу аракетин көрүп, бизди чакырган, бизге колдоо көрсөткөн өлкөлөргө ыраазычылык билдиребиз.

Кызыкчылыктардын тең салмактуу болушун каалайбыз.

Мен өзөктүк согушту каалабайм жана анын болоруна да ишенбейм.

Anahtar Kelimeler: Лавров, Анталия,

Жаңылыктар