Македониядагы Осмон дөөлөтүнөн калган мурастар

Македониянын түндүк-батышындагы Алажа мечити жана Харабати Баба Теккеси-Осмон дөөлөтүнөн калган тарыхый мурас болуп эсептелет.

31 Aralık 2021 20:15

Алажа мечити жана Харабати Баба Теккеси Македониянын түндүк-батышында созулуп жаткан Шар тоосунун этегиндеги Калканделен шаарында орун алган.

Калканделен шаары 14-кылымда Осмон дөөлөтүнүн курамына кирген. Көп өтпөй шаарга Анадолу аймагынын тургундарды көчүп келе баштаган. Шаарда бир катар имараттар салынган.

Алажа мечити

Осмон дөөлөтү учурунда салынып, бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган мурастардын эң негизгиси-Алажа мечити.

Мечит, шаарды чок ортодон экиге бөлүп турган Пена дарыясынын жээгине 15-кылымда салынган. «Паша мечити» деген ат менен да белгилүү. Анда мечит менен катар конок үйү, хамам иштейт. Ошондой эле мечитти салууга колдоо көрсөткөн Хуршиде жана Менсуре айымдардын күмбөздөрү жайгашкан.

Мечиттин ички жана сырткы жасалгасы укмуштуудай кооз. Мечитти жасалгалоодо колдонулган боёк өзгөчө болгон.  Боёк жандуулугун жоготпоосу үчүн 30 миң жумуртканын агы колдонулган.

Алажа мечити 19-кылымда оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн. Учурда ал шаардагы эң көрүнүктүү жайлардын катарын толуктайт.

Харабати Баба Теккеси

Дервиш Абдулмутталип Бекиринин айтымында имараттын пайдубалын 1538-жылы Султан Сулеймандын башкы вазирлеринин бири Сервер Али Паша түптөгөн. Шаардын борбордук бөлүгүнөн алысыраак жайгашкан теккенин аянты болжол менен 24 миң чарчы метр. Комплексте мечит, конок үй, фонтан, ашкана, кербен сарай,  кароол мунарасы, имам үйү жана зикир бөлмөсү бар.

Anahtar Kelimeler: Алажа мечити Харабати Баба Теккеси,

Жаңылыктар