Манас — кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу

Кыргыз рухунун туу чокусу болгон «Манас» эпосу элдин көркөмдүк аң-сезими аркылуу муундан-муунга, укумдан-тукумга өтүп, узак мөөнөт бою сакталып келе жатат.

21 Temmuz 2021 16:07

Кыргыз элинин улуу мурасы — эпикалык традициясы баа жеткис руханий байлыкка жатат. Өзүнүн өсүш жолунда узак, татаал кылымдарды башынан өткөргөн кыргыз эли эпикалык маданияттын эң бийик үлгүлөрүн жаратууга жетишкен.

Кыргыз элинин мына ошол байыркы ата мурасынын эң туу чокусу — улуу «Манас» эпосу. Чынында да «Манас» жомогу өзүнүн кайталангыс көркөмдүк кубаты боюнча, нечен кылымдардын кайгылуу, оор окуяларын тулку боюна сиңирип, имандык, философиялык мазмундуу жыйынтыктоолору боюнча, элдин тагдырын ар тараптан: жашоо-тиричилик, жоокерчилик, үй-бүлө шарттары, ар түрдүү салт-санаа, социалдык-коомдук турмуш тарабынан кеңири жана толук камтышы боюнча, дүйнөдөгү эң сейрек кездешкен дүйнөлүк поэтиканын эстеликтеринин үлгүлөрүнө жатат.

"Манас" эпосу —Кыргыз элинин дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Көлөмү боюнча ага теңдеш дастандар жок. Бул дастан «Манас», «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнөн турат. 

Эпостун биринчи бөлүмү Манас деп аталат.  Эпостун баш каарманы — Манас баатыр. Анда Жакып кан уулу Манас баатырдын жана анын укум-тукумунун эл-жердин азаттыгы, биримдиги жана элдердин достук карым-катнашын бекемдөө үчүн күрөшү баяндалат.

Семетей эпосу — Манас Эпосунун экинчи бөлүмү. Эпосто "Манас" бөлүмүнө караганда бизге бир топ жакынкы мезгилди, патриархалдык-феодалдык түзүлүш күч алган учурду чагылдырат.

«Сейтек» эпосу — «Манас» үчилтигинин үчүнчү бөлүмү, өзүнүн идеялык-тематикалык жүгүн, композициялык тутумун, көркөм образдар галереясын жыйнактай турган бөлүм.

“Манас” эпосу дүйнөдөгү эң узун поэма катары Гиннестин рекорддор китебинде кирген. Ал эми 2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген. Ушундан улам 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланган.

 

Anahtar Kelimeler: Манас эпосу, кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу,

Жаңылыктар