«Манастын» мекени Кыргызстан

Байыртадан бери ар түрдүү маданияттарды жана дөөлөттөрдү камтыган Кыргызстан тарыхый жана табигый кооздуктары менен туристтерди өзүнө тартат.

16 Nisan 2021 23:02

Асман тиреген чокулары, чокусун кар менен мөңгү каптаган бийик тоолору, тоо ылдый аккан мөлтүр суулары, көлдөрү, ар кыл токойлору, шалбаалары, талаалары, табигый жайыттары жана жайлоолору менен өзгөчөлөнгөн Кыргызстан борбор Азиянын так ортосунда жайгашкан. 

Жибек Жолунун башкы артериясы кыргыз жери аркылуу өтүп, алардын меймандостугу жана көчмөндүгү, соодагерлердин эс алуусуна эң сонун шарт түзгөн. Тоо өзөндөрү жана ойдуң жерлери соодагерлерге токтоо үчүн ыңгайлуу жер болгон.

Кыргызстан— Борбордук Азияда жайгашкан мамлекет. Басымдуу бөлүгүн тоолуу аймактар камтыйт.

Ал түндүктө Казакстан, батышта жана түштүк-батышта Өзбекстан, түштүк-батышта Тажикстан жана чыгышта Кытай менен чектешет.

Анын борбору жана эң ири шаары — Бишкек.

Кыргызстан байыртадан бери ар түрдүү маданияттарды жана дөөлөттөрдү камтыйт.

Кыргызстан-асман тиреген тоолуу өлкө

Кыргыз Республикасынын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн тоолор ээлейт. Мындан улам Кыргызстан «Борбор Азиянын Швейцариясы» деп аталат.

Бийиктиги 7439 метрди түзгөн Жеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек аралары тоо кыркалары аркылуу өтөт.

Өлкөдө жайгашкан бийиктиги 4000 метрден өйдө турган 19 тоо чокулары жана 3000 метрден ашык бийиктиктен турган 45 кыл чокулары бул жерге «Асман тиреген тоолуу өлкө деген наамды калтырган» .

Климаты континенталдуу. Дарыялары негизинен Сырдарыяга куят, анын башкы булагы — Нарын.

Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек деген сыяктуу кооз көлдөрү бар.

Кыргыз Республикасынын жалпы аянты 199,9 чарчы километрге барабар. Калкы болжол менен 6,5 миллион.

Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Түндүк Кипр жана Түркия менен бирге жети көзкарандысыз Түрк мамлекетинин бири.

Кыргызстан 1992-жылдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп саналат.

Ошондой эле өлкө КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, ИКУ, Түрк Кеңеши, ТҮРКСОЙ сыяктуу бир катар уюмдарга мүчө.

Кыргызстан ар түркүн кооз жайлары, бийик тоолору менен туристерди өзүнө тартат. Ат минип тоо койнунда эс алуу да туристер үчүн өзгөчө көрүнүш.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, тоолуу өлкө,

Жаңылыктар