11 Mart 2021 18:54
Элдик, салттуу жана Евразия мамлекеттеринин улуттук спорт оюндарын жайылтууну максат кылган Дүйнөлүк Этноспорт конфедерациясы улуттук Мангала оюну боюнча бир катар тренингдерди өткөрүүдө. Ага кызыккандардын саны арбын.
Мангала оюну 2020-жылдын 17-декабрында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.
Мангала оюнунун тарыхы
Дүйнөлүк Этноспорт конфедерациясында салттуу оюндардын инструктору катары эмгектенген адис Мерйем Өздемирдин маалыматына караганда Шанлыурфадагы байыркы Гөбеклитепенин дубалдарынан мангалага окшош сүрөттөр табылган. Демек оюн бери дегенде 10 миң жыл мурда пайда болгон.
«Оюндун эрежелери өтө жөнөкөй жана үйрөнүүгө оңой»
Бул оюндун оюнчулары 2 кишиден турат. Мангала оюну 48 таш менен ойнолот. Ар бир оюнчунун тактасында 6 чуңкурчасы, ал чуңкурлардын ичинде төрттөн ташы болот.
Ар бир оюнчунун өзүнө таандык бирден казынасы болот. Ар бир оюнчу партияны жеңип чыгуу үчүн көп таш утуп алуу керек.
Тактанын 6 чөйчөкчөсүн биз үй дейбиз жана уткан таштарды жыйнай турган чөйчөкчөнү казына дейбиз.
Оюнчу тараптагы кичинекей алты чункур ошол оюнчунун оюн талаасы, ал эми каршы тараптагы алты чукур болсо атаандашына тиешелүү болот.
Оюндун 4 эрежеси бар.
Оюнчулар өз тарабына (казынасына) мүмкүн болушунча көбүрөөк таштарды топтоого аракет кылышат. Ким көбүрөөк таш топтосо ошол оюнчу жеңүүчү деп эсептелет.
Мангала оюну логиканы өнүктүрүүгө жана так эсептөөгө жакшы жардам берет, анткени оюнду ойноп жатып математикалык кошуу, кемитүү, көбөйтүү жана бөлүүгө мажбур болот. Ошондуктан бул оюн жаштарга да абдан пайдалуу.
Anahtar Kelimeler: Мангала, салттуу оюн, Дүйнөлүк Этноспорт конфедерациясы,