Мая Кулиева атындагы түркмөн улуттук консерваториясы

Мая Кулиева атындагы түркмөн улуттук консерваториясы Түркмөнстандын борбору Ашхабадда жайгашкан.

03 Haziran 2022 20:43

Мая Кулиева атындагы Түркмөн улуттук консерваториясы — жогорку музыкалык билим берүүчү окуу жайы. Түркмөнстандын Маданият министрлигинин алдында иш алып барат. Ал өлкөдөгү эң эски жана көрүнүктүү жогорку окуу жайлардын бири.

Консерватория 1972-жылы негизделген. 1993-жылдын 2-июнунда маркум президент Сапармурат Ниязовдун жарлыгы менен улуттук статусун алган. Ал эми 2019-жылдын март айында Түркмөнстан парламентинин чечими менен опера ырчысы Майя Кулиеванын ысымы ыйгарылган.

2019-жылдын октябрында консерваториянын алдында Мая Кулиева музейи ачылган.

Түркмөн улуттук консерваториясында окуу мөөнөтү 5 жыл.  

Консерваторияда белгилүү искусство ишмерлери жана илимдин кандидаттары, докторлору жана профессорлор эмгектенишет.

Консерваторияда студенттердин симфониялык, эл аспаптар оркестри, хор, фольклорчулар, скрипкачылар ансамблдери, компьютердик класс үн жазуучу студия бар.

Аталган окуу жай, улуттук музыканы жана музыкалык аспаптарды сактоого жана өнүктүрүүрө олуттуу салым кошуп келет.

Жаңылыктар