Мая Кулиева-Түркмөн элинин атактуу опера ырчысы

Мая Кулиева 1-май 1920-жылы Ашхабад шаарынын Бүзмейен районунда туулган. 1938–41-жылдары Москвадагы Чайковский атындагы мамлекеттик консерваториясында окуган.

17 Aralık 2021 21:50

Мая Кулиева  чыгармачылык жолун 1941-жылы Махтумкулу атындагы опера жана балет театрына солист болуп кирүүдөн баштаган.

Түркмөн опера жана балет театрынын туруктуу мүчөсү. Түркмөнстандын сахнасында батыш операларын аткарган алгачкы ырчы катары белгилүү.

1945-1992-жылдары театрдын улук опера солисти; 1992-2001-жылдары башкы директор, 2010-жылдан тарта Махтумкулу атындагы улуттук музыкалык драма театрынын сахна чебери.

Мая Кулиева Совет доорунда «Шасенем-Гарип», «Сона», «Зухра-Тахир», «Күзгү», «Жусуп-Ахмет», «Лайли-Мажнун», «Абадан» жана «Бегул-булбул» операларында башкы партияларды аткарган.

Ал ошол эле учурда чыгармачылык жолунда көптөгөн ата-мекендик жана чет элдик тасмаларга, атап айтканда, чет элдик, Шарль Француа Гунонун «Фауст», Джакомонун Пуччининин «Көпөлөк айым; ата-мекендик «Сыйкырдуу Кристалл», «Чабандын уулу» тартылган.

Мая Кулиева бир катар наамдардын жана сыйлыктардын ээси. 1943-жылы Түркмөн ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1952-жылы Түркмөн ССРинин эл артисти, 1955-жылы СССРдин эл артисти наамы ыйгарылган.

2009-жылы элге сиңирген зор кызматы жана түркмөн искусствосун өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн «Түркмөнстандын Баатыры» наамы ыйгарылып, «алтын ай» медалы менен сыйланган.

Ошондой эле абройлуу «Махтумкулу Фираки» сыйлыгынын ээси.

Мая Кулиева, 27-апрель 2018-жылы, туулган күнүнө 3 күн калганда, 97 жаш курагында көз жумган.

Anahtar Kelimeler: Мая Кулиева, опера, Түркмөнстан,

Жаңылыктар