Мевлүт Чавушоглу менен Мухтар Тлеубердинин басма сөз жыйыны

Анкарада Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Казакстан Республикасынын тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердинин биргелешкен басма сөз жыйыны өттү.

17 Mart 2021 18:07

Анкара шаарында Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Казакстан Республикасынын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар жолугушуудан кийин биргелешкен басма сөз жыйынын өткөрүштү.

Анда Түркиянын Тышкы иштер министри Чавушоглу бир канча күн мурда расмий иш сапары менен Борбор Азия өлкөлөрүндө болгонун айтып, Казакстандын Тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердинин Түркияга келиши түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы тыгыз байланыштын далили экенин айтты.

Өз кезегине Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, жолугушууда биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча пикир алмашуу болгонун билдирди.

Мухтар Тлеубердинин Анкарадагы жумушчу сапары алкагында Казак-түрк жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 4-жыйынына даярдыктар талкууланды. Анын алкагында биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун жыйыны өттү. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык, транспорт, коргонуу өнөр жайы жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Чавушоглу эки мамлекет ортосундагы экономикалык кызматташуу боюнча иш-аракеттерге токтолуп, пандемияга карабастан  товар жүгүртүүнүн көлөмү төмөндөп кетпегенин баса белгиледи. Бул жакшы көрсөткүч экенин айтып, Казакстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн алгач 5 миллиард долларга, кийинчерээк 10 миллиард долларга жеткирүү максатталып жатканын белгиледи.

Чавушоглу белгилегендей эки өлкөнүн ортосундагы айрым келишимдерди жаңыртуу боюнча иш-аракеттерди башталды. Казак-түрк жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 4-жыйынында болжол менен 20 документке кол коюу пландаштырылып жатат.

Жолугушууда Түрк кеңешинин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү жана аталган эл аралык уюмдун күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Чавушоглунун маалыматына караганда Түрк кеңешинин ысымын өзгөртүү каралып жатат. 31-мартта Түркстан шаарында Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин лидерлеринин бейформал жолугушуусу өтөт. Ал эми расмий саммит жыл аягында Түркияда өтөт. Жыйында Түркия Түрк Кеңешине төрагалык кылуу милдетин Азербайжандан өткөрүп алат.

«Биздин максат регионалдык демилгелерди, ошондой эле эки тараптуу мамилелерди чыңдоо»

Чавушоглу Түрк аба жолдору компаниясынын  Түркия-Казакстан багыты боюнча аба каттамдарын пандемия башталганга чейинки абалга келтирүү сунушун айтты.

Азия демилгесинин манилүүлүгүн баса белгиленди.  

Белгилей кетсек Түркия Азиядагы мамлекет катары жаңы демилге баштады. Демилгенин максаты Азия менен күчтүү байланыш түзүү жана Евро-Атлантика менен Европанын ортосундагы, тактап айтканда, дүйнөдөгү биринчи жана экинчи экономикалык аймактардагы  Түркиянын позициясын кеңейтүү болуп эсептелет.

Чавушоглу өз кезегинде Азия демилгесинине колдоо көрстөкөн Казакстанга ыраазычылык билдирди.

 

Anahtar Kelimeler: Казакстан Республикасынын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, басма сөз жыйын,

Жаңылыктар