Мезгилсиз мейкиндик: китепканалар

Стамбул шаары көптөгөн тарыхый баалуулуктарга ээлик кылган байыркы шаар. Шаарда кылымдарды карыткан тарыхый китепканалар жайгашкан. Бул китепканаларда тарыхка жарык чачкан сейрек кездешүүчү кол жазмалар, коллекциялар сакталып турат.

01 Nisan 2022 16:04

Кол жазмалар фондусу, эски басма жана кол жазма китептерин, республиканын аймагында жашап жаткан элдердин фольклору, этнографиясы, тарыхы жана тили боюнча жазмаларды топтоо, сактоо, иреттөө, изилдөө жана жарыялоо боюнча бирдиктүү илимий борбор болуп эсептелет. Кол жазмалар, тарыхка жарык чачып, коомдун эс тутумун түзөт.

Стамбул шаарында кол жазмалар сакталган бир нече тарыхый китепкана жайгашкан. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:

Сулеймание кол жазмалар китепканасы

1918-жылы Сүлеймание комплексиндеги биринчи жана экинчи медресе, китепканага айландырылып, натыйжада Сулеймание кол жазмалар китепканасы негизделген.  Китепканада баалуу кол жазмалар сакталып турат.

Китепкананын кол жазмалар жана сейрек кездешүүчү чыгармалар бөлүмүнүн башчысы Хүсейин Кутандын айтымында, китепканадагы эмгектер, тил, адабият, дин жана тарых багытындагы чыгармаларды камтыйт.

Китепканада Фатих Султан Мехмет баш болгон 150гө жакын автордун эмгектери бар. Эмгектердин саны 100 000ге жакын. Улуу окумуштуу Авиценнанын «Шыпаа» китеби китепканадагы эң баалуу эмгектердин бири.

Китепкана ЮНЕСКОнун «Дүйнөлүк эс тутум» тизмегине киргизилген.

Беязит кол жазмалар китепканасы

Стамбулдагы кол жазмалар сакталган дагы бир китепкана-Беязит кол жазмалар китепканасы.  Мамлекеттик китепкана Стамбулдагы байыркы китеп базарынын так ортосунда жайгашкан. Кылымдарды карыткан китепкананын фондунда 12 миңге жакын кол жазма сакталган. Ошондой санарипке өткөн 30 миңдей эмгек бар.

Негизги эмгектер жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган атайын бөлмөдө сакталып турат. Атайын бөлмөнүн өзгөчөлүгү, өрт, жер титирөө, сел ж.б. кырсык болгон учурда, 10 секунддун ичинде жабылып, темир капаска айлануусу.

«Улут» кол жазмалар китепканасы

«Улут» кол жазмалар китепканасы Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан. Китепканада 7 миңден ашык кол жазма саткалган. Китепкананын музейи жана окуу залы бар.

XI кылымдын экинчи жарымында жашаган энциклопедиячы түрколог, тилчи-лексиколог Махмуд Кашгаринин эмгеги «Дивану лугат ат-түрктүн» жалгыз нускасы ушул китепканада сакталып турат.

Anahtar Kelimeler: кол жазмалар фонду, Стам, Кол жазмалар фонду, , Стамбул,

Жаңылыктар