Министр Караысмайлоглу: «поезддер Кытай, Орусия жана Европага тынымсыз каттоодо

Түркия Республикасынын Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караысмайлоглу: «Баку-Тбилиси-Карс темир жол линиясы жана Мармарай долбоору иштей баштаганы поезддер Бээжинден Лондонго чейин тынымсыз каттай баштады».

11 Mart 2021 16:22

Пандемияга карабастан 2020-жыл түрк транспорт тармагы үчүн жемиштүү жылдардан болду. Бул туралуу Түркия Республикасынын Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караысмайлоглу билдирди.

Анын маалыматына караганда 2020-жылы дүйнөлүк масштабдагы маанилүү долбоорлор ишке ашырылды. Анкара-Нигде жана Түндүк Мармара авто жолу ишке берилди. Самсун-Сивас темир жол линиясы элге кызмат кыла баштады.

2021-жылдын башатында да бир топ манилүү долбоолор ишке ашырылды. Алсак ТҮРКСАТ 5 А спутниги космоско учурулду. Көмүрхан көпүрөсү ачылды. Дагы бир катар жолдордун, көпүрөлөрдүн курулуш иштери башталды.

2009-жылы президент Р. Т. Эрдогандын демилгеси менен Түркияда алгачкы жолу жогорку ылдамдыктагы поезд каттамы иштей баштаган. Андан бери темир жол линиялары салынып, Анкара-Стамбул, Анкара-Кония жана Анкара-Эскишехир багытында жогорку ылдамдыктагы поезд каттамдары ишке берилди.

Алдыда Конья-Караман багытында жогорку ылдамдыктагы поезд каттамын ачуу пландалууда.

Баку-Тбилиси-Карс темир жол линиясы ишке кирген соң Бээжинден Лондонго чейин үзгүлтүксүз каттай турган транспорт коридору пайда болду.

Мармарай долбоору ири мааниге ээ.

Баку-Тбилиси-Карс темир жол линиясы жана Мармарай долбоору иштей баштаганы поезддер Бээжинден Лондонго чейин тынымсыз каттай баштады.

Anahtar Kelimeler: Баку-Тбилиси-Карс темир жол линиясы, Мармарай долбоору, Түркия Республикасынын Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караысмайлоглу, дүйнөлүк масштабдагы маанилүү долбоорлор,

Жаңылыктар