Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиялык инвесторлорго муктаждык бар экенин билдирди

Кыргыз Республикасынын Мминистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров: "Кыргызстандын дээрлик бардык тармактары Түркиянын инвестициясына муктаж"

15 Şubat 2022 14:50

"Кыргызстандын дээрлик бардык тармактары Түркиянын инвестициясына муктаж".  Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында Түркия менен Кыргызстан ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн кыска убакыттын ичинде 1 миллиард долларга жеткирүү пландалууда.

Ал Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы Түркиядан үлгү алып реформаланаарын кошумчалады. Ошондой эле Түркиядагыдай Кыргызстанда өнөр жай аймактары түзүлөөрүн белгиледи.

"Бул учун 789 гектар жер даяр. Бул жерде түрк инвесторлору Евразия экономикалык биримдигинин рыногу үчүн гана эмес, ВСП алкагында Европа Биримдигинин рыногунан да пайда табышы мүмкүн. Сиздер менен бирге Европага орток товарларды сатууга мүмкүнчүлүк бар»,-деди ал.

Anahtar Kelimeler: Жапаров, түрк инвесторлору,

Жаңылыктар