Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Маариф» билим берүү комплексине барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Маариф» билим берүү комплексинин иши менен таанышты.

29 Nisan 2022 15:49

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарында "Маариф" түрк фонду тарабынан негизделген билим берүү комплексинин иши менен таанышты.

Эдил Байсалов зарыл баалуулуктарды, адеп-ахлактык мамилелерди жана социалдык өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн өсүп келе жаткан муундун сапаттуу билим алуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Министрлер Кабинети билим берүү тармагындагы кыргыз-түрк мамлекеттер аралык кызматташтыгын жогору баалайт жана ар дайым бул багытта мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жолдорун издейт", - деп билдирди Эдил Байсалов.

"Маариф" фондунун өкүлү Хүснү Биржан окуу процессинин жүрүшүнө токтолуп, окуу класстарын, лабораторияларды, китепкананы, актовый залды жана кампустун башка бөлүктөрүн көрсөттү. Өз кезегинде аталган фонддун окуу жайлары Ош жана башка шаарларда курула баштаганын маалымдады.

"Маариф" билим берүү комплексин ачуу боюнча макулдашууга 2018-жылы кол коюлган. 2021-жылдын 10-сентябрында Түркиянын вице-президенти Фуат Октайдын катышуусу менен ачылган. Окуу жайда окутуу жергиликтүү жана эл аралык программа боюнча жүргүзүлөт.  

 

Жаңылыктар