Москва - Киев кризиси: окуялардын тизмеги

Орусия Украинага кол салды. Тараптар бири-бирин айыптоодо. Орусия кол салууга негиз катары кандай фактыларды көрсөттү? Минск келишими эмнени түшүндүрөт? Кененирээк:

24 Şubat 2022 22:03

Орусия дүйнөлүк коомчулуктун эскертүүлөрүнө жана чакырыктарына көңүл бурбай, Украинага кол салды.

1991-жылы Советтер Союзу ыдыраган соң Украина мамлекети Батыш менен Орусия ортосундагы карама-каршылыктын борборуна айланды.

2013-жылдагы Украинадагы окуялар

Украинадагы окуялардын очогу 2013-жылы эле тутанган.

2013-жылы Киевде демонстрациялар башталып, көп өтпөй ошол кездеги президент Виктор Янукович Орусияга баш калкалаган. Анын ордуна батышчыл позицияны карманган Петро Порошенко кызматка келген.

Москва Крымды аннексиялап алган

Орусия Украинанын жаңы өкмөтүн тааныбай, 2014-жылдын март айында Крымды аннексиялап алган. Ошол эле жылдын сентябрь айында ЕККУ, Украина жана Орусиянын өкүлдөрү Донецк жана Лугансктын жетекчилери менен Беларустун борбору Минскиде жолугушуп, жаңжалды токтотуунун жолдорун издешкен. Бирок 12 беренеден турган келишим мыйзам бузуулардан улам толук аткарылган эмес.

2015-жылдын февраль айында тараптар Минск шаарында дагы бир жолу жолугушуп, биринчи келишимде белгиленген чек араларга чегинүүгө макул болушкан.

Москванын билдиришинче Киев «Минск келишимдерин» бузган

Орусия Украинада чет элдик аскерлер бар экенин маалымдап, муну «Минск келишимдерин бузуу» деп атап, чет өлкөлүк аскерлердин Украинадан чыгып кетүүсүн талап кылып келген.

Украина болсо, Орусиянын жикчил аймактарга көрсөткөн колдоосун эске салып, Минск келишимдерин Орусия бузуп жатап деп айыптаган. Өз кезегинде Киев админстрациясы, Орусия 2014-жылы Крымды мыйзамсыз аннексиялап алгандай эле Донбасска көз артып жатканына көңүл бурган.

Украинанын НАТОго мүчө болуп кирүү аракети жана Батыштын билдирүүлөрү Орусияда кескин сынга кабылды

Чыңалуу кадам сайын күч алып, барган сайын курчуп бара жаткан учурда Украинанын президенти В. Зеленский, «Украина НАТОго мүчө болууга тийиш» экенин баса белгилеп, арсар абалда турган Альянстын мүчөлөрүн сындады.  Украина НАТОго кирүү ниетинен кайтпай турганын билдирди.

АКШ жана Батыштын Украинаны жактаган билдирүүлөрү Орусияда сынга кабылып, президент Владимир Путин Орусиянын Минск келишиминен чыгып кеткенин жарыялады.

Орусия чабуулга өттү

Орусиянын Мамлекеттик Думасы президент Владимир Путиндин Украинанын чыгышындагы өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган жикчил түзүмдөрдү мамлекет катары таануу чечимин бекитти. 

Зеленский болсо Украинанын чек аралары эл аралык картада белгиленгендей кала берерин айтып, «Орусияга эч нерсе бербейбиз» деди.

Орусия Донецк жана Луганск жикчил аймактарын тааныгандан эки күн өткөндөн кийин Украинага кол салды.


 

Anahtar Kelimeler: Орусия, Украина,

Жаңылыктар