81

Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканына 81 жыл толду

Кыргызстандын ордо калаасы Бишкектеги  «Ататүрк» атындагы эс алуу паркында Ататүрктү эскерүү иш-чарасы өттү.

10 Kasım 2020 13:50

Түркия Республикасынын негиздөөчүсү, улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканына 82 жыл толду. Бүгүн 10-ноябрда анын жаркын элеси эскерилүүдө. 

Мустафа Кемал Ататүрктүн жаркын элеси бир гана Түркияда эмес, түрк дүйнөсүндө да эскерилип жатат. 

Кыргызстандын ордо калаасы Бишкектеги иш-чара «Ататүрк» атындагы эс алуу паркында  өттү. Эскерүү иш-чарасын Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректораты уюштурган. Иш-чара бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан соң Түркиянын улуттук гимни аткарылды. 

Университеттин жалпы жамааты, ТИКАнын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Түркиянын Айыл-чараба жана Токой чарба министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргызстандагы түрк ишкерлер Мустафа Кемал Ататүрктүн эстелигинин астына гүл чамбар коюшту. 

Жаңылыктар