Муундан муунга өткөн көк бөрү оюну

Көк бөрү – ат үстүндө ойнолуучу улуттук оюн.

01 Nisan 2021 23:23

«Көк бөрү» оюнунун жаралышы алыскы тарыхка барып такалып, тамыры терең. Айрым маалыматтарда 5000 жылдык тарыхы бар деп айтылып жүрөт.

Деги эле «Көк бөрү» деген терминдин келип чыгышы, илгерки күчкө толуп турган жигиттер кадимки эле бөрүнү (карышкырды) чаап алып, талашып- тартышып ойногондугу менен байланышкан.

Алыскы доордо оюн негизинен жоого даярданууга багытталган. Оюн учурунда аттар да, ат үстүндөгү эр жигиттер да чыйралып, эр жүрөктүүлүккө, топту жарып кирүүгө тарбияланган.

Ата-бабаларыбыз илгертен ойноп, аздектеп, муундан муунга өткөрүп келген бул оюн ар бир элде ар кандай айтылат. Алсак, кыргыз эли «көк бөрү» десе, казак эли — «кокпар», өзбектер —  «купкари-улок», тажиктер – «бозкаши» дешет. Бул оюн «улак тартыш» деп да аталып жүрөт.

Оюндун тартиби

Алгач мара белгиленет. Калыс оюнчуларды шамдагайлыгына, чабендестигине жараша барабар санда эки жаатка бөлөт. Ал атчан келип, колундагы көк бөрүнү оюнчулардын ортосуна таштайт. Оюнчулар ат менен жоолошуп келип, алардын ичинен мыкты чабендеси көк бөрүнү эңип алып качып жөнөйт. Ал көк бөрүнү ыңгайы келсе өнөктөштөрүнө берүүгө, аягында марага таштоого аракеттенет. Ал эми атандаштары көк бөрүнү андан жулуп алып, өздөрүнүн марасына таштоого аракеттенишет.

Оюндун жүрүшүндө кайсы жаат көк бөрүнү марага таштаса, ошол жаатка бир упай берилет.

Көк бөрү илгертен бери чоң салтанаттарда, майрамдарда, аш-тойлордо өткөрүлгөн. Учурда Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Монголия, Тажикстан жана Ооганстанда ойнолуп, келечек муундарга өткөрүлүп берилүүдө.

 

Anahtar Kelimeler: Көк бөрү, кокпар, бозкаши, купкари-улок, улак тартыш,

Жаңылыктар