Нахчывандагы Акбулак туризм борборунда Түркиялык инструкторлор эмгектенүүдө

Азербайжанга караштуу Нахчыван Автономдуу Республикасындагы Акбулак лыжа борборунда эс алуучулурды Түркиядан барган командалар тейлөөдө.

13 Mart 2021 19:14

Нахчыван Автономдуу Республикасына караштуу Шахбуз шаарында Акбулак лыжа борбору ачылган. Жаңы борбордо Түркиялык инструкторлор иштөөдө.

Түркиянын Кайсери облусундагы Эржийес лыжа борборунан барган кесиптик команда, нахчывандыктарга лыжа тебүү боюнча тренингдерди өткөрүп, кабелдик автоунаа менен иштөө жана лыжа тебүү тилкесинин коопсуздугу боюнча консультативдик кызмат көрсөтүүдө.

Селахаттин Сунгур Акбулакта консультативдик кызмат көрсөткөн Түркиялык адистердин бири. Анын айтымында Акбулак лыжа борбору коопсуз. Анткени борбор зарыл болгон бардык коопсуздук чаралары көрүлгөндөн кийин гана конокторго эшигин ачкан.

Машыктыруучулар атайын Түркиядан келген. Алар лыжа борборуна келген конокторго кызмат көрсөтүп гана тим болбостон Нахчивандык үйрөтүүчүлөр үчүн атайын лыжа тебүү окуусун уюштуруп, тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.

Лыжа тебүү спорту боюнча адис Али Шан Соганжынын айтымында Түркиядан барган топ Нахчивандык адистерди машыктыруудан өткөргөн соң кайрадан Кайсериге кайтып келет.

Захиде Аллахверди Нахчывандык курсанттардын бири.

«Бул жакка биринчи жолу келишим. Мага абдан жакты. Лыжа тебүүнү мыкты адистен үйрөнүү зор кубаныч. Борбордо балдарга жана чоңдорго ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Лыжа тебүүнү үйрөнгөнүмө абдан кубанычтамын»- дейт ал.

Anahtar Kelimeler: Азербайжан, Нахчыван Автономдуу Республикасы, Акбулак туризм борбору, Түркиялык инструкторлор,

Жаңылыктар