Нахчывандагы Асхаб-ы Кехф үңкүрлөрү

Түркиялыктар Нахчиванга өздүк карта менен саякаттоого мүмкүнчүлүк алганы Асхаб-ы Кехф үңкүрлөрүнө барган меймандардын саны артты.

27 Şubat 2022 19:16

Азербайжандын Нахчыван Автономия Республикасындагы Асхаб-ы Кехф диний-цивилизациялык комплексине Түркиядан барган зыяратчылардын саны арбын. 

Жульфадагы үңкүрлөр Нахчывандын эң ири туризм борбору болуп эсептелет.

Үңкүрлөргө шаардын борборунан автоунаа менен бир саатта жетүүгө болот.

Үңкүрлөр чар тарабы аска менен курчалган каньондо жайгашкан. Алар төрт бөлмөдөн турат.

Асхаб-ы Кехф диний-цивилизациялык комплексине баргандар дуа кылып, тилек тилеген соң сувенирлерди саткан дүкөндөрдү кыдыра алышат.

Зыяратчылар үчүн эс алуу жайлары да бар.

Комплекстин үңкүрлөр жайгашкан бөлүгүндө  метеорит көргөзмөгө коюлган.

Белгилей кетсек, Түркиялыктар Азербайжанга, анын ичинде Нахчиванга өздүк карта менен саякаттоого мүмкүнчүлүк алган. Андан бери Асхаб-ы Кехф үңкүрлөрүнө барган меймандардын саны артты. 

 

 

Anahtar Kelimeler: Нахчиван, Асхаб-ы Кехф үңкүрлөрү,

Жаңылыктар