Нахчывандагы Батабат жаратылыш көлү

Нахчывандагы Батабат жаратылыш көлүн “жаратылыш туризминин борбору” кылуу боюнча иш-аракеттер уланууда

30 Haziran 2022 14:31

Батабат көлү Нахчыван-Армения чек арасындагы Шахбуз районунда жайгашкан.

Деңиз дэңгээлинен 2500 бийиктикте  жайгашкан көл кудум чакан аралды элестейт.

Азербайжандын Мамлекеттик туризм министрлигинин маданият кеңешчиси Элшен Мустаевдин белгилешинче Батабат көлү жана анын тегереги Нахчывандагы керемет жайлардын бири болуп, аны көрүүгө келгендердин саны арбын.

Учурда Батабат жаратылыш көлүн “жаратылыш туризминин борбору” кылуу боюнча иш-аракеттер уланууда.

Аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берилбейт.

Климаты Кара деңиздикине окшош, мелүүн.

Нахчыван - тарыхый түрк мекени.

Гази Мустафа Кемал Ататүрк баса белгилегендей, «Нахчыван түрктөрдүн дарбазасы».

Жаңылыктар