Несибе Зейналова - Азербайжандык белгилүү актрисса

Зейналова комедия жанрында жараткан ролдору менен элге кеңири таанылган

27 Mayıs 2022 22:46

Жихангир Зейналовдун кызы Несибе Зейналова 1916-жылы 20-апрелде Бакуда жарык дүйнөгө келген.

Мектепте окуп жүргөн кезинде бий ийримине катышат.

1932-жылы Рыза Тахмасибдин драмалык коомуна мүчө болот.

1937-жылы театралдык жамаатка кирип, Азербайжандын шаарларын кыдырып, көптөгөн ролдорду жараткан.

1938-жылы Азербайжан мамлекеттик музыкалык комедия театрында иштей баштаган.

Баку театралдык окуу жайында актердук чеберчилик боюнча билим алган.

Несибе Зейналова 22 көркөм тасмада роль жаратып, 70ке жакын драмалык оюнда ойногон.

"Өгөй эне" тасмасында (1958)  Фатманиса, "Биздин Жебиш Хожа" тасмасында (1969)  Сугра, "Кайнене" тасмасында (1978) Женнет эже, "Күйөө ала качуу" тасмасында (1985) Аслы эжейдин ролун аткарган.

1967-жылы Азербайжандын Эл артисти наамын алган.

2004-жылы 10-мартта Бакуда жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Жаңылыктар