news-photo-awards

 «News Photo Awards» сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Россиянын борбору Москва шаарында «News Photo Awards» сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өттү.

12 Mart 2021 15:32

Россиянын ТАСС маалымат агенттиги уюштурган «News Photo Awards» сүрөт сынагы жыйынтыкталды.

Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи  Москва шаарында өттү.

Аземге Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков,  Россиянын Түздөн түз инвестициялар фондунун башкы директору Кирилл Дмитриев, ТАСС маалымат агенттигинин башкы директору Сергей Михаилов жана ардактуу коноктор катышышты.

Баш байгени Испаниянын EFE кабар агенттигинин фотожурналисти Брайс Лоренцо Коуто «Туулган күн» аттуу сүрөтү менен жеңип алды.

Россиянын Спутник кабар агенттигинин фотокабарчысы  Илья Питалевдин «Ыйык нан-шарап жөрөлгөсү» эмгеги «эң мыкты сүрөт» деп табылды.

«Мыкты сериялык сүрөт» сыйлыгына «Ковид-19дун борбордук базасы» эмгеги менен Британиянын South West News Service (SWNS) кабар агенттигинин фотокабарчысы Адам Грей татыды.

«Фотокабарчылар дүйнөдөгү жаңылыктарды жакшы түшүнүүгө жардам берет»

Аземде сөз сүйлөгөн Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков пандемия маалында  фотокабарчылар болуп жаткан кырдаалды жеринен чагылдырып турушканын айтты.

«Журналисттер бир канча барак менен чечмелеп берген окуяны айрым учурларда бир гана сүрөт андан таасирдүүрөк кылып чагылдырат. Бул кадрдын уникалдуулугу» деди ал.

«Ар бир сүрөт өз алдынча таасирдүү»

Сынактын калыстар тобунун мүчөсү, Хасан Өймез (Анадолу Агенттиги) эпидемия адамзат тарыхындагы чоң бурулуш болгонун баса белгиледи.

«Ар бир сүрөт өз алдынча таасирдүү. Бирок мен вируска жеңилгенибизди чагылдырган сүрөттөрдү эмес, вирусту жеңгенибизди чагылдырган же ушул багытта үмүт берген сүрөттөрдү тандап, аларга баа бердим»,- деди ал.

 

Anahtar Kelimeler: News Photo Awards, сүрөт сынагы, Россия, пандемия,

Жаңылыктар