Нигде шаарында Нооруз майрамы шаңдуу белгиленди

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму, Нигде губернаторлугу жана Нигде университети Ноорузга карата майрамдык иш чара уюштурду.

23 Mart 2022 18:30

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Д. Касенов Нооруз жаңы жылдын башаты экенин баса белгиледи. "Нооруз-биримдиктин, молчулуктун, токчулуктун символу",- деди ал. Өз кезегинде ТҮРКСОЙ уюму 1993-жылдан бери Нооруз майрамына карата эл аралык иш-чараларды уюштуруп, 30га жакын мамлекетте концерттик программа өткөргөнүн айтты.

Ал эми Нигде университетинин ректору профессор доктор Хасан Услу, улустун улуу күнү Нооруз майрамына карата окуу жайда маанилүү иш-чара өтүп жатканын айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө түрк тилдүү элдердин маданияты таанытылып, улуттук оюн-зооктор көрсөтүлдү. Элдик ыр бийлер аткарылып, улуттук даамдар тартууланды.

Жаңылыктар