Нооруз көжө - эң байыркы тамактардын бири

Казакстанда Нооруз майрамында ар бир үйдө Нооруз көжө жасалат.

25 Mart 2022 19:49

Көжө - казак жана кыргыздардын эң байыркы тамактарынын бири. Болжолу, көжө тамагы эң алгачкы ритуалдык тамак болгон. Кытай жазма булактарындагы маалыматтар боюнча кыргызстан Нооруз күнү көжө жасашып, ооз тийилгенден соң, анын бир бөлүгүн сууга ташташкан. 

Бул тамак бүгүнкү хакастарда, туваларда да белгилүү. 

Көжө кышкыдан калган согумдун этинен, сүрсүгөн этте жасалат.

Элибизде «жети санында сыйкырдуу күч бар» деген ишеним бар. Анын сыңарындай, чоң көжө да 7 даамдан жасалуусу кажет. Азыркы убакта көжөгө сабиз, болгар калемпири, картошка, ашкөк жана башкаларды кошушат. Ал эми илгери чоң көжө май, эт, акталган арпа (же буудай), суу, туз, сүзмө жана көктөрдөн жасалчу. Чоң көжөнү айыл аксакалдары үймө-үй кыдырып ичип, ал үйгө ак дилинен баталарын беришкен.

Anahtar Kelimeler: Көжө, Нооруз, ,

Жаңылыктар