Нооруздун көркү – сэмэни!

Сэмэни жаз майрамынын урматына жасалгаланат.

21 Mart 2021 14:39

Түрк тилдүү элдер эзелтен өздөрүнүн салттуу майрамдарын майрамдап келишкен.

Ошол майрамдардын бири – «Нооруз»

«Нооруз» - «жыл башы», «жаңы жылдын башы» майрамы. Жаздын жарчысы!

Ал эски жыл эсеби боюнча 21-март күнү белгиленет.

Байыркы Чыгыш элдеринде, ошонун ичинде кыргыздар да күн түндүн теңелген күнүн жаңы жыл – Нооруз деп белгилешкен.

Нооруздун символдорунуну бир бул – сэмэни.

Сэмеинин даярдоонун камылгасы Ноорузга бир канча күн калганда башталат. Алгач жакшы сапаттагы буудай, жүгөрү жана нокот тандалып алынгандан кийин тазаланып жуулат да кооз карапаларга отургузузулат.

Нооруз майрамынын өзгөрбөгөн бул каада-салты түрк тилдүү элдерде байыртадан сакталып келет.

21-март күнү күн нуру жер бетине чачкан кезде Нооруз шаңы башталат. Үй-ээси келген конокторго жана кошуналарга кооздолгон сэмэнилерди белек кылып тартуулайт. 

Сэмэнинин даярдоонун негизги максаты - аны элге белек кылып тартуулап, алардын ыраазычылыгын жана сообун алуу.

Түркиялык айым Эмине Ышык Эдабали баса белгилегендей, сэмэни Нооруздун бирден-бир символу болуп эсептелет.

Сэмэни жаратылыштын жандануусун, кооздугун жар салып, жер эненин мээримдүүлүгүн айгинелейт.

Ноорузда эл майрамдык дасторконго өтө көңүл бурушат. Сэмэни стол үстүнө коюлуп, дасторкон түрдүү азыктар менен жасалгаланат.

Салт боюнча жайылган дасторкондун үстүнө түркүн даамдарды жайнатып, татууларды мол койсо, жыл бою молчулук, токчулук болот дешет. Майрамдык маанай тартуулоо үчун элдик ырчы, жамакчылар чогулушуп, көңүл ачышат.

Anahtar Kelimeler: Нооруз, сэмэни, , Майрамдык маанай,

Жаңылыктар