Нур-Султан шаарына Нооруз майрамын утурлай кошумча чектөө чаралары киргизилди

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына коронавирус илдети күчөп кеткенине байланыштуу Нооруз майрамын утурлай кошумча чектөө чаралары киргизилди.

16 Mart 2021 14:17

Казакстандын ордо калаасы Нур-Султан шаарынын башкы дарыгери Сархат Бейшенова шаардагы эпид кырдаал туруктуу эмес экендигин билдирди.

Белгилүү болгондой Нур-Султан шаары бир канча күн мурда «кызыл зонага» киргизилген.

Борбор шаарда эпидемиялогиялык кырдаал мындан да курчуп кетпеши үчүн Нооруз майрамын утурлай кошумча чектөө чаралары киргизилди. Ага ылайык 18-марттан тарта Нур-Султандагы кино-залдар жабылат. Нооруз майрамына арналган иш-чараларга тыюу салынат.

21-март, жекшемби күнү ордо калаада коомдук транспорттор иштебейт. Соода борборлору, көңүл ачуучу жайлар жана спорт залдар жабылат.

Ал эми кафе-ресторандар белгилүү убакытка гана ачылат.

Өлкөдө 95 миңден ашуун адам эмделди

Казакстанда жапырт эмдөө өнөктүгү башталган 1-февралдан бери 95 миңден ашык адам эмделди. Бул туралуу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин билдирди.

Аскар Мамин эмдөө иштери жеткиликтүү эмес экендигин айтып, өкмөткө эмдөөнүн маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдетин тапшырды.

Статистика

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Казакстанда бир суткада коронавирус 954 адамдан табылды. Ушуну менен пандемия башталгандан бери коронавирус илдетин жуктургандардын саны 225 миң 685 адамга жетти.

Маалыматка ылайык, Нур-Султанда коронавирус – 127 адамдан, Алматы шаарында – 297 кишиден табылган.

Anahtar Kelimeler: Казакстан, Нур-Султан, Нооруз, коронавирус, чектөө чаралары,

Жаңылыктар